Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-ноябры № 2498-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына талапкерлерди сунуштамасын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пупктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр 7 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына шайлансын:
Меергүл Рыскулбековна Бобукеева;
Мукамбет Шадыканович Касымалиев;
Эркинбек Тобокелович Мамыров.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланууга жатат.
Төрагасынын орун басары | Т.Зулпукаров |
|