Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-ноябры № 2507-V
"2012-жылдын 10-июлунда Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам еспубликасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 1-октябрындагы № 671 токтом) "2012-жылдын 10-июлунда Тегеран шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Иран Ислам Республикасынын Өнүктүрүүнүн гранттык жардамы жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
бул макулдашуунун алкагында Ош шаарында спорт комплексин куруу боюнча контрактты түзүүдө курулуш жумуштарына жергиликтүү калктын мүмкүн болушунча көп катышуусун камсыз кылуу;
Ош шаарында спорт комплексин куруу боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ар бир тармактык комитетинен бирден депутатты киргизүү.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров
|