КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-ноябры № 2544-V
"2012-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 2-программачасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 26-ноябрындагы № 794 токтому) "2012-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Инвестициялык климатты жакшыртуу программасы - 2-программачасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров
|