Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-февралы № 1591-V
Казакстандан радиоактивдүү көмүр ташып келүүнүн жана аны Кыргыз Республикасынын ишканалары менен социалдык мекемелерине бөлүштүрүп берүүнүн фактыларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казакстандан радиоактивдүү көмүр ташып келүүнүн жана аны Кыргыз Республикасынын ишканалары менен социалдык мекемелерине бөлүштүрүп берүүнүн фактыларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:
С.Н.Жапаров
Н.Т.Тюлеев - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
К.К.Иманалиев
К.А.Талиева - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Ж.Р.Сапарбаев
Р.Төлөгөнов - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;
М.Э.Сабиров
Т.У.Шайназаров - "Республика" депутаттык фракциясынан;
И.Ю.Карамушкина
Д.Ө.Тербишалиев - КСДП депутаттык фракциясынан.
2. Кыргыз Республикасынын бардык укук коргоо органдары, тиешелүү министрликтери Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия жүргүзүлгөн иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эки жумалык мөөнөттө маалымдасын.
Төрага | А.Жээнбеков
|