Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-февралы № 1640-V
"Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу парламенттик суроо-талап жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу парламенттик суроо-талаптын тексти жактырылсын (тиркелет).
2. Бул парламенттик суроо-талап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилсин.
Төрага |
А.Жээнбеков
|
"Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн Мыйзамдын аткарылышы тууралуу маалыматты эки жумалык мөөнөттө кумар оюн ишинин ар бир объекти боюнча берсин.
депутаттары
| Б.Жетигенов К.Осмоналиев |