Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
11 октябрь 2012.ж.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизуу жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 27-июнундагы № 450 токтом) "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизуу жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүулгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу кундун ичинде жиберсин.
3. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитети жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип тушкөн жазуу жузундөгу сунуштарды жана түзөтүүлөрдуү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|