Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-ноябры № 2557-V
"Манас" эл аралык аэропортунда аэронавигациялык мунаранын курулушуна байланыштуу түзүлгөн кырдаал жөнүндө
"Манас" эл аралык аэропортунда аэронавигациялык мунаранын курулушуна байланыштуу түзүлгөн кырдаал жөнүндө Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басары Н.Молдобаевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Манас" эл аралык аэропортунда аэронавигациялык мунаранын курулушуна байланыштуу түзүлгөн кырдаал жөнүндө Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин төрагасынын орун басары Н.Молдобаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарында 36 жана андан ашык метр аэронавигациялык мунараны куруу маселесин оң чечүү максатында америкалык тарап менен келишүүлөргө жетишүү боюнча биротоло чараларды көрбөгөндүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
ал объекттеги курулуш жумуштарынын жүрүшүнө тиешелүү контролду тиешелүү түрдө жүзөгө ашырбагандык үчүн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине карата катуу чараларды көрсүн;
тиешелүү мамлекеттик органдарга аэронавигациялык мунараны курууда жүргүзүлгөн чыгымдардын негиздүүлүгүн жана реалдуулугун текшерүү тапшырмасын берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.К.Исаев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Б.Мамырова |