Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 6-декабры № 2562-V
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджет жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 18-октябрындагы № 726 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кирешенин издеп табылган кошумча резервдерин эске алып, 2013-жылга республикалык бюджеттин төмөнкү негизги параметрлери менен биринчи окууда кабыл алынсын:
республикалык бюджеттин кирешелери ИДПга карата 24,7 пайыз салыштырма салмак менен 87488475,0 миң сом жалпы суммада (өнүктүрүү бюджетинин алкагындагы 5439552,8 миң сом суммадагы гранттык каражаттарды кошуп алганда);
республикалык бюджеттин чыгашалары ИДПга карата 29,5 пайыз салыштырма салмак менен 104418648,2 миң сом жалпы суммада;
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин тартыштыгынын четки өлчөмү ИДПга карата 4,8 пайыз салыштырма салмак менен 16930173,2 миң сом суммада жана аны жабууга 17030178,0 миң сом суммадагы тышкы булактар багытталып, алар 100004,8 миң сом суммадагы ички карыздын бир бөлүгүн тындырууга да багытталат;
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 11-беренесине ылайык жалпы мамлекеттик салыктардын пландуу түшүүлөрүнөн 2013-жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда кирешелерди бөлүштүрүүнүн ченемдери;
2013-жылдын аягына жана 2014-2015-жылдарга болжолдун ИДПга карата 10,0 пайызга чейинки салыштырма салмак менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызынын жана ИДПга карата 50,0 пайызга чейинки салыштырма салмак менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын жогорку чеги;
2013-жылга жана 2014-2015-жылдарга болжолдо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фонддорунун республикалык бюджеттеги ченемдик чоңдугу республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы суммасына карата 0,16 пайыз.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына жана Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программага ылайык объекттерди сатуудан түшүүлөрдүн күтүлгөн суммаларын, ошондой эле энергетика компанияларынан дивиденддердин түшүүлөрүн Кыргыз Республикасынын бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгүндө чагылдырсын;
акционердик коомдор тарабынан акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддердин суммасынын 2012-жылга салыштыруу боюнча азайышына жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;
"башка кирешелерди" түзүүнү эсепке алуунун жана анын чыгымдалышын контролдоонун механизмин иштеп чыксын;
"Өнүгүү жаатындагы саясатты колдоо операциясы" программасын ишке ашыруу максатында жыл сайын 30,0 млн. АКШ долларын алып туруу үчүн Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан коюлган шарттардын аткарылышын натыйжалуу контролдоону уюштурсун;
иштебей турган менчиктештирилген өндүрүштүк объекттерден каражаттардын бюджетке түшүүсүн карасын;
бажы жана башка мамлекеттик органдарды кошуп алганда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын бардык категорияларына эмгек акы төлөөнүн тутумун оптималдаштыруу боюнча бирдиктүү концепцияны киргизсин;
төмөнкүлөрдү карасын:
- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароодогу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын экинчи окууга карата сунуштарын;
- макроэкономикалык талдоонун жана коррупцияга каршы, экологиялык, гендердик экспертизанын, сот тутумун каржылоону талдоонун натыйжаларын жана судьялардын иши үчүн тиешелүү шарттарды түзүү менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын корутундуларын;
- республиканын түштүгүндө 2010-жылдын июнь окуяларынын мезгилиндеги калктын электр энергиясын пайдалангандык үчүн "Ошэлектро" АКсынын алдындагы эсептегичтин кубаттуулугу боюнча карызын жана ал боюнча кошуп эсептелген айыптык санкцияларды эсептен чыгаруу жөнүндө маселени;
- мамлекеттик чек араны чыңдоого, чек арага жанаша жаткан райондордун калкын өнүктүрүүгө жана алардын жоготууларын компенсациялоого каражаттарды;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнүн натыйжалары боюнча бюджетке түзөтүүлөр киргизүүнү;
- 2013-жылдын январында 20,0 млн. сом суммадагы каражаттарды бөлүп берип, эпизоотияга каршы иш-чаралардын өз убагында аткарылышын;
бюджеттик мыйзамдарга төмөнкү бөлүктөрдө зарыл өзгөртүүлөрдү даярдасын жана киргизсин:
- бюджеттик мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчиликти катуулатуучу чараларды күчөтүү;
- бюджеттик мыйзамдар менен каралган учурлардан тышкары бюджет жөнүндө Мыйзамды жыл ичинде өзгөртүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн болтурбоо;
- каржылык агымдардын көрсөткүчтөрүн кыскартууну эске алуу менен бюджеттер ортосундагы трансферттердин тутумун реформалоо;
- бюджеттик мекемелердин эсептер планынын бюджеттик чыгымдарда өзүнчө берене боюнча бюджеттик чыгашаларды гендердик багыт алган топтоштурууну кароо менен мамлекеттик органдардагы программалык бюджеттөөнү өркүндөтүү;
- бюджетти талкуулоонун формаларын өзгөртүү;
- бир булактан сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу, жарыялоонун бирдиктүү аспабын аныктоо, электрондук аукционду жайылтуу, бардык сатып алуучу жана жөнөтүүчү уюмдарды каттоо, бардык сатып алууларды бүдөмүксүз электрондук тооруктар жана кайрылма аукциондор аркылуу жүргүзүү максатында "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү;
400,0 млн. сом суммадагы дем берүүчү (үлүштүк) гранттар катары бөлүнүп берилүүчү жана 2559,5 млн. сом көлөмүндө республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү каражаттардын көлөмүн бул мыйзам долбоорунун беренелеринде чагылдырсын;
бүтпөгөн курулуштардын көлөмүнүн өсүшүнө жол бербөө максатында капиталдык салымдардан жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардан каржылануучу курулушу бүтүп жаткан объекттердин абалы жана саны боюнча максаттуу маанилерди белгилесин;
жан башына каржылоонун принциптери жана категориялык гранттарды эсептөөнүн формуласы жөнүндө жобону жеткире иштеп чыксын;
илимий жетишкендиктерди жана жогорку технологияларды жайылтууга бөлүнүп берилүүчү каражаттардын өсүү арымын карасын;
энергия сыйымдуулугу жана энергиянын бардык түрлөрүнүн жоготууларын кыскартуу боюнча сандык маанилерди иштеп чыксын;
төмөнкү программалар боюнча айрым чараларды камтуунун сандык маанилерин белгилесин:
- калк менен иштөөнүн жаңы мамилелерин андан ары өнүктүрүү жана коомдук саламаттык сактоонун ролун күчөтүү;
- мамлекеттик ирригациялык фондду жана мелиорацияны колдоо менен өнүктүрүү;
- пландаштыруу, башкаруу жана администрациялоо (транспорт жана байланыш кызматтарынын сапатына, инвестициялардын деңгээлине калктын канааттануусу);
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча издөө-куткаруу, кырсыктык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис жумуштар;
10,0 млн. сом суммадагы каражат бөлүп берип, Ала-Бука районунун айылдарында таш жолдорду куруу боюнча тажрыйба жүргүзсүн жана республикалык деңгээлде семинар-кеңешме өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджетинин маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин, мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын, эл аралык келишимдеринин жана макулдашууларынын, мамлекеттик программалардын долбоорлорунун талдоосун жана алар боюнча корутундуларды, ошондой эле бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштар менен сунуштамаларды туруктуу берип турууну камсыз кылсын.
4. Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети мамлекеттик бюджеттин аткарылышынын квартал сайынкы мониторингин камсыз кылсын.
5. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 10 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
6. Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (А.К.Келдибеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|