Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-декабры № 2579-V
"2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириктирилген россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириктирилген россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу колдонууга киргенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 21-ноябрындагы № 781 токтом) "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириктирилген россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириктирилген россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу колдонууга киргенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|