Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-декабры № 2580-V
"2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын aймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу колдонууга киргенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 21-ноябрындагы № 781 токтом) "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын туруусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашуу колдонууга киргенге чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Бириккен россиялык аскердик база тарабынан пайдаланылуучу аймак үчүн ижара акысынын суммасынын 50 пайызын бириккен россиялык аскердик базанын объекттери жайгашкан аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттерине чегерүү жөнүндө маселени кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
3. 1969-жылдын 23-майындагы Эл аралык келишимдердин укугу жөнүндө Вена конвенциясынын 79-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кыргыз тилиндеги Макулдашуунун 6-беренесинин 14-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "ойдоону" деген сөздү "оңдоону" деген сөзгө оңдоо жол-жобосун алты айлык мөөнөттө жүргүзүү жана натыйжалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине тапшырылсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|