Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-декабры № 2597-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 15-июнундагы № 416 токтом) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага |
А.Жээнбеков |