Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012 жылдын 20-декабры № 2623-V
Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын тɵрагасынын 2011-жыл үчүн отчету жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын тɵрагасы Э.С.Ибраимованын 2011-жыл учун отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын тɵрагасы Э.С.Ибраимованын 2011-жыл учун отчету канааттандырарлык деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасы:
мамлекеттик органдар тарабынан каржылык тартип бузуулар менен келтирилген, республикалык бюджеттин аткарылышынын аудитинде табылган республиканын бюджетиндеги жоготуулардын ордун толук толтурууну камсыз кылуу боюнча чараларды кɵрсүн;
Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын укуктарын кенейтүү жана сунуштамаларынын аткарылышына карата талаптарды жогорулатуу боюнча жобону караган мыйзам долбоорун иштеп чыксын;
жергиликтүү кенештер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган бюджеттик ыйгарым укуктардын сакталышынын аудитин күчɵтсүн жана алардын аткарылышына баа берүүнү камсыз кылсын;
Кыргыз Республикасынын казыначылыгынын тутуму аркылуу аванстык салык жана бажы тɵлɵмдɵрүнүн колдонуудагы мыйзамдарга ылайык пайдаланылышынын маселелери боюнча аудитордук жоопкерчиликти жогорулатсын;
министрликтердин жана ведомстволордун ишинин
натыйжалуулугунун аудиттерин жургузуу боюнча ишти активдештирсин, алардын натыйжалары бюджеттик жɵнгɵ салууну ɵркүндɵтүүдɵ индикаторлор жана багыт алуу болуп кызмат кылууга тийиш;
2007-жылдан тартып 2012-жылды кошуп алгандагы мезгилде акционердик коомдор жана мамлекеттик ишканалар тарабынан акциялардын мамлекеттик үлүшүнɵн дивиденддерди кошуп алганда республиканын кирешесине түшүүлɵрдүн бардык түрлɵрүн кошуп эсептɵɵнүн тууралыгына жана ɵз убагында тɵлɵнүшүнɵ талдоо жургузсун;
мамлекеттик органдар менен мамлекеттик жана муниципалдык катышуунун чон үлүшү бар башка ишканалардын, уюмдардын бюджетти аткаруудагы коррупциялык схемаларын четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын ишин реформалоо боюнча чараларды кɵрсүн;
укук коргоо органдары менен иштɵɵнүн күчɵтсүн, ошондой эле каржылык тартип бузууларды четтетүүгɵ багытталган талап-каттарды аткарууну жакшыртуу боюнча чараларды кɵрсүн;
бюджеттин аткарылышынын аудитин жүргүзүүнүн жүрүшүндɵ табылган каржылык тартип бузууларды четтетүүнүн жолдорун кɵрсɵтсүн;
Бишкек - Торугарт автомобиль жолун куруу үчүн каралган каражаттардын пайдаланылышынын аудитинин жүрүшүндɵ табылган 45 млн. сомдон ашык жана 8,5 млн. AKШ доллары суммасындагы каржылык тартип бузуулардын республиканын бюджетине кайтарып берүүнү камсыз кылсын;
Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын аудиторлорунун, инспекторлорунун кесиптик денгээлин жогорулатсын;
аудит жүргүзүүнүн белгиленген мɵɵнɵтүн сактасын жана бир эле аудиторду жыл ичинде аудиттин бир эле объектине кɵп жолу жиберүүнүн практикасын четтетсин;
Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын жаны түзүмүн иштеп чыксын жана макулдашуу үчүн Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитетине берсин;
аудиттин материалдарын укуктук баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберүү жɵнүндɵ маселени карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрɵшүү боюнча мамлекеттик кызмат 2011-жылда Кыргыз
Республикасынын Эсептɵɵ палатасы тарабынан табылган бюджеттик мыйзамдардын бузулууларын четтетүү боюнча биргелешкен иштин натыйжалары жана алар боюнча кɵрүлгɵн чаралар жɵнүндɵ маалымат берсин.
4. Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитети:
Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасы менен биргелешип Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын отчеттулугунун тутуму боюнча критерийлерди жана анын ишинин натыйжалуулугунун кɵрсɵткүчтɵрүнүн айкын тутумун иштеп чыксын:
Жүргүзүлгɵн аудиттердин натыйжалуулугу боюнча бюджеттик уюмдардан, ɵзгɵчɵ жергиликтүү денгээлдеги бюджеттик уюмдардан сурап-билүү жүргүзсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитетине (А.К.Келдибеков) жүктɵлсүн.
Төрага |
А.Жээнбеков |