Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-декабры № 2624
2012-жылдын 12-апрелиндеги № 1846-V "Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасында түзүлгɵн кырдаалды иликтɵɵ боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин токтомунун аткарылышынын жыйынтыктары тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 1846-V токтому менен түзүлгɵн Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасында түзүлгɵн кырдаалды иликтɵɵ боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын тɵрагасы А.Б.Калматовдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты -Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасында түзүлгɵн кырдаалды иликтɵɵ боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын (мындан ары -Комиссия) тɵрагасы А.Б.Калматовдун 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 1846-V "Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасында түзүлгɵн кырдаалды иликтɵɵ боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышынын жыйынтыктары тууралуу маалыматы эске алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бузууларга укуктук баа берүү жана күнɵɵлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн ведомстволор аралык комиссия түзсүн.
3. Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитети Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасы менен биргелешип Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитетинин Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын аудиторлорун санын тогуздан үчкɵ чейин азайтуу жана анын шаттык санын 40 пайызга чейин кыскартуу жɵнүндɵ сунушун иликтесин жана кабыл алынган чечим тууралуу 2013- жылдын 1-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасы:
ɵзүнүн мыйзамга баш ийген ченемдик укуктук актыларын "Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасы жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирсин;
инспекторлордун милдеттик ишин талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын штаттык санын оптималдаштырууну жүргүзүп, түзүмдүк бɵлүкчɵлɵр жɵнүндɵ жоболорду иштеп чыксын жана бекитсин;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашуу боюнча бош кызматтарга сынактык тандап алууга катышууга карата аларга жол берүүнүн алдында аудитордук жана инспектордук курамдын кызматтарына талапкерлерди полиграфта текшерүү практикасын киргизсин. Ар бир кызматчынын жеке жоопкерчилигин жогорулатууга, алардын Этикалык кодекстин талаптарын так сакташына жетишсин;
Комиссия тарабынан белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча кɵрүлгɵн чаралар жɵнүндɵ маалыматты Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети менен Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитетине 2013-жылдын 10-январына чейин берсин.
"Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасы жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын каржылык отчеттуулугунун аудитин жүзɵгɵ ашыруу үчүн кɵз карандысыз аудитор дайындалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Эсептɵɵ палатасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселесинин коомдук маанилүүлүгүн эске алып, анын ишиндеги олуттуу кемчиликтер менен жетишпегендиктерди
Кɵнүлгɵ тутуп, коррупциялык элементтерди четтетүү максатында Комиссиянын ишинин материалдары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитетине (А.Б.Калматов) жүктɵлсүн
Төрага |
А.Жээнбеков |