КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 20-декабры № 2625-V
Парламенттик радионун уктуруу зонасын кеңейтүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 157-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү маселелерди чечсин:
парламенттик радиону Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпыга маалымдоо каражаты катары каттоону;
парламенттик радионун иши үчүн лицензия алууну жана жыштык бөлүп берүүнү.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы тиешелүү уюштуруу иштерин жүргүзсүн.
3. Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015 жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароодо областтык борборлордо РВ-алып бергичтерди сатып алууну, монтаждоону жана радиоберүүлөрдү уктурууну каржылоо үчүн 1603387,2 сом суммадагы каражаттарды карасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Ж.К.Исаев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|