Редакцияот 20.12.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 20-декабры № 2635-V

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Б.Мамытов, А.Ш.Жээнбеков, А.К.Келдибеков. А.Т.Сулайманов, А.Артыков тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

 

Төрага

А.Жээнбеков