Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-декабры № 2644-V
2011-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы З.М.Асанкожоеванын отчету тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы З.М.Асанкожоеванын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы:
аракеттердин координациялануусун камсыз кылсын жана инфляцияны төмөндөтүү жана экономикалык өсүшкө дем берүү боюнча иштеги жоопкерчилик чөйрөсүн так аныктасын;
Нак акчасыз эсептешүүлөрдү жайылтуу боюнча мамлекеттик программанын алкагындагы иш-чараларды жүргүзүүнү тездетсин;
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен биргелешип бардык банктардын кепилдик берилген депозиттеринин 15 пайызына барабар депозиттерди коргоо фондунун максаттуу өлчөмүнүн маанисине жетишүүсүнүн чамасына жараша аманаттар боюнча компенсацияны төлөп берүүнүн кепилдик берилген суммасын 200 миң сомго чейинки көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карасын;
Кыргыз Республикасынын Банк кодексин иштеп чыгууну жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүнү тездетсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
баалардын жалпы деңгээлинин туруктуулугуна жетишүүнү камсыз кылуу үчүн катуу акча-кредиттик саясатты жүргүзсүн;
өлкөнүн экономикасынын билдирилген макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жетишүү, экономиканын улам жогорулап бара жаткан долларлашуусунун масштабын төмөндөтүү максатында акча-кредиттик саясатты башкаруунун сапатын жогорулатсын;
акча-кредиттик саясатты экономиканын реалдуу секторуна акчалардын кирүүсү үчүн шарттарды түзүү жолу менен банк тутумунда болгон ашыкча ликвиддүүлүктү азайткандай өзгөртсүн;
айыл жериндеги коммерциялык банктардын жана микрофинансы уюмдарынын кредиттик иши жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында коомчулук менен түшүндүрүү ишин жалпыга маалымдоо каражаттары, телекөрсөтүү жана радио аркылуу активдештирсин;
банктар менен заемчулардын ортосунда пайда болгон кыйынчылыктарды жөнгө салуу максатында банктардын жана каржы-кредиттик мекемелердин ишин көзөмөлдөөнү күчөтсүн;
2011-2015-жылдарга чакан каржылоону өнүктүрүү стратегиясынын аракеттер планынын өз убагында аткарылышы үчүн чараларды көрсүн.
Төрага | А.Жээнбеков
|