Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 04-октябры №2339-V
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге парламенттик суроо-талап жиберүү жɵнүндɵ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге тɵмɵнкү маселелер боюнча парламенттик суроо-талап жиберилсин:
1.Кыргыз Республикасынын айылдарын ичүүчү суу менен камсыз кылуунун абалы жɵнүндɵ;
Чолпон-Ата шаарында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Ден соолук" медициналык-ден соолукту калыбына келтирүү комплексинин (мурдагы "Алтын балалык") абалы жɵнүндɵ.
2.Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү кɵрсɵтүлгɵн маселелерди эң жакынкы жыйналышында демилгечилердин катышуусу менен карасын.
3.Кɵрсɵтүлгɵн маселелер боюнча контроль Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү ɵз лдынча башкаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана Социалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин комитетине жүктɵлсүн.
4.Ушул токтом кабыл алынган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Төрага |
А.Жээнбеков |