Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-январы № 2661-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку согунун судьяларынын кызматына талапкерлерге сунушту карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык четки жаш курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызматына төмөнкүлөр шайлансын:
Анархан Мамбетовна Базаралиева
Болотбек Бакирович Батыралиев
Памирдин Жумагулов
Айнаш Абдымановна Токбаева.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
Төрага | А.Жээнбеков
|