Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-январы № 2699-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 3-августундагы № 540 токтом) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары |
Т. Зулпукаров
|