КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-январы № 2714-V
Т.Акунду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызматына шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турсунбек Акун Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызматына шайлансын.
2. 2013-жылдын 14-февралы шайланган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ант берүү күнү болуп дайындалсын.
Төрага |
А.Жээнбеков |