Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-февралы №2752-V
Кыргыз Республикасында 2013-жылдын жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында 2013-жылдын жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2013-жылдын жазгы-талаа иштери үчүн арналган үрөн материалдарын сатып алууну каржылоо жөнүндө маселени чечсин, мында республиканын алыскы региондоруна үрөндөрдү жеткирүүгө өзгөчө көңүл бурсун;
- агротехникалык талаптардын мөөнөттөрүн сактоо максатында айылдык товар өндүрүүчүлөрдү кредиттөө жөнүндө маселени 2013-жылдын март-апрель айларында чечсин;
- республиканын сугат тутумун капиталдык жана күнүмдүк оңдоо үчүн арналган бюджеттик каражаттардын 70 пайызына чейинкисин 2013-жылдын 1-кварталында каржылоону камсыз кылсын;
- акыркы 20 жыл ичинде чет мамлекеттерден айыл чарбасы үчүн баардык бөлүнгөн кредиттерди натыйжалуу пайдалангандыгын иликтесин жана кредит боюнча республикалык сырткы карыздагы анын үлүшүн тактасын;
- үрөнчүлүк чарбалардын бирдиктүү базасын түзсүн жана мүлктү каттоону жүргүзсүн;
- үрөндүн "Элита" жана "Суперэлита" сортторунун наркын төмөндөтүү максатында бюджеттик каражаттардын эсебинен субсидийлерди бөлүү жөнүндө маселени карасын;
- үрөндөрдүн азыктуулугун көтөрүү жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу максатында республиканын баардык региондорунда өлкөнүн баардык дыйканчылык чарбаларына үрөндөрдү мындан ары таратуу үчүн үрөндүн "Элита" жана "Суперэлита" сортторун өстүрүү боюнча үрөнчүлүк чарбаны түзсүн;
- ата-мекендик товар өндүрүүчүлөрдү коргоо максатында кант тростнигинен иштелип чыккан ак кантты алып келүүгө мезгилдик 30 пайыздык бажы алымын киргизсин;
- айыл чарба техникаларынын токтоосуз иштешин камсыздоо максатында запастык бөлүктөрдү сатып өткөрүү, ошондой эле келишимдик милдеттердин негизинде техникалык жактан тейлөө жана оңдоо боюнча завод-коюучулардын дилердик тармактык ишин камсыздасын;
- республиканын айыл аймактарында ветеринардык, техникалык жана агрономиялык кызматтардын пункттарын түзүү жөнүндө маселени иликтесин жана чечсин;
- республиканын айыл чарбасында авиахимиялык жумуштарды аткаруу үчүн жеңил жана өтө жеңил самолетторду колдонуу жөнүндө маселени иликтесин жана чечсин, ошондой эле зарыл болсо бул маселе боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн катышуусу менен министрликтердин жана ведомстволордун жооптуу кызматкерлери 2013-жылдын 11-февралынан 22-февралга чейин республиканын баардык областтарынын борборлорунда тиешелүү областтагы айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тартуу менен "2013-жылдын жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө" маселе боюнча кеңешме өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынын натыйжасы жөнүндө 2013-жылдын 1-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
4. Токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |