Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы №2793-V
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын Тизмеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын Тизмесин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 5-пунктуна ылайык карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын Тизмесине макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жайгашкан калктуу конуштарында иштегендиги үчүн жеңилдетилген пенсиялык камсыздандырууга укук берүүчү калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө тиешелүү ченемдик укуктук актыны үч айлык мөөнөттө кабыл алсын.
Төрага | А.Жээнбеков |