Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-февралы №2797-V
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына, Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына, Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасына кылмышкерлерди экстрадициялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайрылуусун кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына, Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына, Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасына кылмышкерлерди экстрадициялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайрылуусу кабыл алынсын (тиркелет).
Төрага | А.Жээнбеков |
Кылмышкерлерди Кыргыз Республикасына
экстрадициялоо жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин
Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер
аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын күч-аракеттерин колдоп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (Парламенти) Беларусь Республикасы жазаны өтөө үчүн Кыргыз Республикасына Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди экстрадициялоо боюнча эл аралык милдеттемелерин аткаруудан четтөөсүн улантып жаткандыгына байланыштуу олуттуу кабатыр болгондугун билдирет.
Бишкек гарнизонунун Аскердик соту эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти Курманбек Бакиевге жана анын иниси Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныбек (Жаныш) Бакиевге карата өкүм чыгарган.
Алсак, сот мүлкүн конфискациялоо менен 24 жылга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны Курманбек Бакиевге жана мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны Жаныбек (Жаныш) Бакиевге дайындап, Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди өзгөчө мыкаачылык менен жасалган үч адамды уурдоону, кыйноону жана өлтүрүүнү уюштуруу боюнча оор кылмыштарда күнөөлүү деп тапкан.
Кыргыз Республикасы мурда укук коргоо органдарынын, анын ичинде Интерполдун багыты боюнча өзгөчө оор кылмыштарда күнөөлөнгөн Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди экстрадициялоо жөнүндө суроо-талапты бир нече жолу жиберген. Бүгүн, сот аларды күнөөлүү деп тапканда, Кыргызстанга өткөрүп берүү жана соттун өкүмүн аткаруу үчүн бардык негиздер бар.
Биз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эл аралык укуктун жалпыга таанылган ченемдерине жана демократия менен адам укуктарынын фундаменталдык принциптерине, ошондой эле соттун өкүмү боюнча жазанын шексиздигине негизденип, биздин кесиптештерди, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясына катышкан мамлекеттердин парламентчилерин, соттолгон кылмышкерлер Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди кармоо жана Кыргыз Республикасына экстрадициялоо боюнча маселени чечүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө чакырабыз.
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы жыйналышында кабыл алынган
|
Кылмышкерлерди Кыргыз Республикасына
экстрадициялоо жөнүндө Жамааттык коопсуздук
жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын күч-аракеттерин колдоп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (Парламенти) Беларусь Республикасы жазаны өтөө үчүн Кыргыз Республикасына Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди экстрадициялоо боюнча эл аралык милдеттемелерин аткаруудан четтөөсүн улантып жаткандыгына байланыштуу олуттуу кабатыр болгондугун билдирет.
Бишкек гарнизонунун Аскердик соту эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти Курманбек Бакиевге жана анын иниси Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныбек (Жаныш) Бакиевге карата өкүм чыгарган.
Алсак, сот мүлкүн конфискациялоо менен 24 жылга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны Курманбек Бакиевге жана мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны Жаныбек (Жаныш) Бакиевге дайындап, Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди өзгөчө мыкаачылык менен жасалган үч адамды уурдоону, кыйноону жана өлтүрүүнү уюштуруу боюнча оор кылмыштарда күнөөлүү деп тапкан.
Кыргыз Республикасы мурда укук коргоо органдарынын, анын ичинде Интерполдун багыты боюнча өзгөчө оор кылмыштарда күнөөлөнгөн Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди экстрадициялоо жөнүндө суроо-талапты бир нече жолу жиберген. Бүгүн, сот аларды күнөөлүү деп тапканда, Кыргызстанга өткөрүп берүү жана соттун өкүмүн аткаруу үчүн бардык негиздер бар.
Биз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эл аралык укуктун жалпыга таанылган ченемдерине жана демократия менен адам укуктарынын фундаменталдык принциптерине, ошондой эле соттун өкүмү боюнча жазанын шексиздигине негизденип, биздин кесиптештерди, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин парламентчилерин, соттолгон кылмышкерлер Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди кармоо жана Кыргыз Республикасына экстрадициялоо боюнча маселени чечүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө чакырабыз.
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы жыйналышында кабыл алынган
|
Кылмышкерлерди Кыргыз Республикасына
экстрадициялоо жөнүндө Евразия экономикалык
коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын күч-аракеттерин колдоп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (Парламенти) Беларусь Республикасы жазаны өтөө үчүн Кыргыз Республикасына Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди экстрадициялоо боюнча эл аралык милдеттемелерин аткаруудан четтөөсүн улантып жаткандыгына байланыштуу олуттуу кабатыр болгондугун билдирет.
Бишкек гарнизонунун Аскердик соту эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти Курманбек Бакиевге жана анын иниси Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныбек (Жаныш) Бакиевге карата өкүм чыгарган.
Алсак, сот мүлкүн конфискациялоо менен 24 жылга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны Курманбек Бакиевге жана мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны Жаныбек (Жаныш) Бакиевге дайындап, Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди өзгөчө мыкаачылык менен жасалган үч адамды уурдоону, кыйноону жана өлтүрүүнү уюштуруу боюнча оор кылмыштарда күнөөлүү деп тапкан.
Кыргыз Республикасы мурда укук коргоо органдарынын, анын ичинде Интерполдун багыты боюнча өзгөчө оор кылмыштарда күнөөлөнгөн Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди экстрадициялоо жөнүндө суроо-талапты бир нече жолу жиберген. Бүгүн, сот аларды күнөөлүү деп тапканда, Кыргызстанга өткөрүп берүү жана соттун өкүмүн аткаруу үчүн бардык негиздер бар.
Биз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эл аралык укуктун жалпыга таанылган ченемдерине жана демократия менен адам укуктарынын фундаменталдык принциптерине, ошондой эле соттун өкүмү боюнча жазанын шексиздигине негизденип, биздин кесиптештерди, Евразия экономикалык коомдоштугуна мүчө мамлекеттердин парламентчилерин, соттолгон кылмышкерлер Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди кармоо жана Кыргыз Республикасына экстрадициялоо боюнча маселени чечүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө чакырабыз.
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы жыйналышында кабыл алынган
|
Кылмышкерлерди Кыргыз Республикасына
экстрадициялоо жөнүндө Европадагы Коопсуздук
жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик
Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын күч-аракеттерин колдоп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (Парламенти) Беларусь Республикасы жазаны өтөө үчүн Кыргыз Республикасына Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди экстрадициялоо боюнча эл аралык милдеттемелерин аткаруудан четтөөсүн улантып жаткандыгына байланыштуу олуттуу кабатыр болгондугун билдирет.
Бишкек гарнизонунун Аскердик соту эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти Курманбек Бакиевге жана анын иниси Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныбек (Жаныш) Бакиевге карата өкүм чыгарган.
Алсак, сот мүлкүн конфискациялоо менен 24 жылга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны Курманбек Бакиевге жана мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны Жаныбек (Жаныш) Бакиевге дайындап, Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди өзгөчө мыкаачылык менен жасалган үч адамды уурдоону, кыйноону жана өлтүрүүнү уюштуруу боюнча оор кылмыштарда күнөөлүү деп тапкан.
Кыргыз Республикасы мурда укук коргоо органдарынын, анын ичинде Интерполдун багыты боюнча өзгөчө оор кылмыштарда күнөөлөнгөн Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди экстрадициялоо жөнүндө суроо-талапты бир нече жолу жиберген. Бүгүн, сот аларды күнөөлүү деп тапканда, Кыргызстанга өткөрүп берүү жана соттун өкүмүн аткаруу үчүн бардык негиздер бар.
Биз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эл аралык укуктун жалпыга таанылган ченемдерине жана демократия менен адам укуктарынын фундаменталдык принциптерине, ошондой эле соттун өкүмү боюнча жазанын шексиздигине негизденип, биздин кесиптештерди, Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмга мүчө мамлекеттердин парламентчилерин, соттолгон кылмышкерлер Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди кармоо жана Кыргыз Республикасына экстрадициялоо боюнча маселени чечүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө чакырабыз.
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы жыйналышында кабыл алынган
|
Кылмышкерлерди Кыргыз Республикасына
экстрадициялоо жөнүндө Европа Кеңешинин Парламенттик
Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын күч-аракеттерин колдоп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (Парламенти) Беларусь Республикасы жазаны өтөө үчүн Кыргыз Республикасына Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди экстрадициялоо боюнча эл аралык милдеттемелерин аткаруудан четтөөсүн улантып жаткандыгына байланыштуу олуттуу кабатыр болгондугун билдирет.
Бишкек гарнизонунун Аскердик соту эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенти Курманбек Бакиевге жана анын иниси Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныбек (Жаныш) Бакиевге карата өкүм чыгарган.
Алсак, сот мүлкүн конфискациялоо менен 24 жылга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны Курманбек Бакиевге жана мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны Жаныбек (Жаныш) Бакиевге дайындап, Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди өзгөчө мыкаачылык менен жасалган үч адамды уурдоону, кыйноону жана өлтүрүүнү уюштуруу боюнча оор кылмыштарда күнөөлүү деп тапкан.
Кыргыз Республикасы мурда укук коргоо органдарынын, анын ичинде Интерполдун багыты боюнча өзгөчө оор кылмыштарда күнөөлөнгөн Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди экстрадициялоо жөнүндө суроо-талапты бир нече жолу жиберген. Бүгүн, сот аларды күнөөлүү деп тапканда, Кыргызстанга өткөрүп берүү жана соттун өкүмүн аткаруу үчүн бардык негиздер бар.
Биз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, эл аралык укуктун жалпыга таанылган ченемдерине жана демократия менен адам укуктарынын фундаменталдык принциптерине, ошондой эле соттун өкүмү боюнча жазанын шексиздигине негизденип, биздин кесиптештерди, Европа Кеңешине мүчө мамлекеттердин парламентчилерин, соттолгон кылмышкерлер Курманбек Бакиевди жана Жаныбек (Жаныш) Бакиевди кармоо жана Кыргыз Республикасына экстрадициялоо боюнча маселени чечүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө чакырабыз.