Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-февралы №2799-V
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешов, Ш.Айтматова тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын доолбору Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата жазуу жүзүндөгү өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жиберсин.
3. Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети (Э.Ж.Алымбеков) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков |