Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-февралы №2804-V
"2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2012-жылдын 15-ноябрындагы №774 токтом) "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу калкка маалымдоо боюнча ишти күчөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жана коомчулукка долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө туруктуу негизде маалымдап туруу;
долбоорлордун ТЭНине Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мөңгүлөрдүн абалын иликтөөнү жана алардын мониторингин каржылоо маселесин киргизүү;
долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен адистерди, ошондой эле жергиликтүү калкты тартуу жана аларды Кыргызстан менен Россиянын ЖОЖдорунда окутуп-үйрөтүүнү кароо;
ТЭНде долбоорлордун сейсмикалык туруктуулугун иликтөөгө жана алардын мониторингине өзгөчө көңүл буруу;
заем келишимдерин түзүүдө долбоорлорду каржылоонун графигине өзгөчө көңүл буруу;
долбоорлордун ТЭНинде өзүн өзү актоонун мөөнөттөрүн тактоо;
заем келишимдеринин долбоорлорун, ошондой эле Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын ишенимдүү башкаруу келишиминин долбоорун аларга кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери менен макулдашуу;
региондун социалдык-инфраструктуралык шарттарын жакшыртуу маселесин иштеп чыгуу;
Камбар-Ата-1 ГЭСинде суу ресурстарын пайдалануу режимин аныктоодо Кыргыз Республикасынын укугун бекитүү.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү - 3, 4-беренелердеги "Электр станциялары" ачык акционердик коому" деген сөздөрдү "унитардуу мамлекеттик ишкана" деген сөздөр менен алмаштыруу жөнүндө маселени кароо;
Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун ТЭНин иштеп чыгууда кубаттуулукту 1900 МВт деңгээлинде белгилөө;
Макулдашуунун 6-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацы менен каралган "Камбар-Ата-1 ГЭСи" ЖАКынын уставдык капиталындагы россиялык тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун салымы катары киргизүү үчүн долбордун ТЭНин иштеп чыгууга россиялык тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун акчалай каражаттарын Макулдашуунун 15-беренесинин алтынчы абзацы менен каралган россиялык тараптын чыгымдары деп түшүнүү.
Төрага | А.Жээнбеков |