Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 21-февралы № 2805-V
Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
1992-жылдын ноябрында "Камеко" компаниясы жана Кыргыз Республикасы "Кумтөр" долбоору боюнча Макулдашуу түзүп, анда Кыргыз Республикасы "Кумтөр" долбоорунун жер астында жаткан алтынга өзгөчө укуктарды берет деген милдет менен "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы биргелешкен ишканасын түзүүнү кошуп алганда Кыргыз Республикасына инвестирлөөнүн негизги принциптери, жер казынасы жана геологиялык-чалгындоо иштери үчүн жер участокторун бөлүп берүү, үлүштөрдү (2/3 - кыргыз тарабына, 1/3 - канадалык тарапка) белгилөө каралган.
"Кумтөр" долбоорун ишке ашыруу процессинде бийик тоонун олуттуу жаратылыштык-климаттык жана тоо-кен геологиялык факторлоруна жетиштүү баа бербөө менен байланышкан долбоорлорду түзүүдөгү каталыктар уулуу заттар аралашкан кен калдыктары төгүлүүчү дамбанын ордунан жылып кетиши, улам кайра пайдаланылуучу суу менен жабдуунун жоктугу жана башкалар сыяктуу бүтүндөй бир катар экономикалык, технологиялык жана экологиялык проблемалардын пайда болушуна алып келип, анын натыйжасында курчап турган чөйрөгө, ошондой эле компаниянын өзүнө курулуш курууда 176,6 млн. АКШ долларына зыян келтирилген.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен Кумтөр кенинде (Центральный участогу) тоо-кен жумуштары 1993-жылдын 10-майындагы Концессиялык келишимдин негизинде иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия албастан 1996-жылы башталган.
"Кумтөр" долбоорун ишке ашыруу процессинде тараптардын үлүштөрүнүн катышы иш жүзүндө кайра бөлүштүрүлгөн. Кошумча жана жаңы макулдашуулардын жыйынтыктары боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы түзүлүп, ал эми "Кумтөр" долбоорундагы кыргыз тарабынын үлүшү 1/3ден азды түзүп калган.
Бирок, акыркы жылдарда өлкөдө Кумтөр кенинин иши менен байланышкан эмгекти коргоону башкаруу тутумуна, коопсуздук техникасына, курчап турган чөйрөнү коргоого, экологиялык проблемаларга карата, салыктык жана ар кыл төлөөлөр боюнча коомдук пикир келишпестиктер күч алды.
"Кумтөр" кен чыккан жери менен анын корлору өлкөнүн жана кыргыз элинин байлыгын маанилүү түзүүчү болуп саналгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин демилгеси боюнча жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдер менен талаптардын "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКы тарабынан сакталышын иликтөө максатында 2012-жылдын 15-февралындагы №1642-V токтом менен убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын ишинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы №2117-V токтому менен анын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Өкмөтүнүн өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүн киргизүү менен мамлекеттик комиссия түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтому менен тиешелүү Мамлекеттик комиссия түзүлгөн жана тиешелүү тапшырмалар туюндурулган. Иштин жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилген материалдар Мамлекеттик комиссия зор иштерди жасагандыгын жана сунуштамалары менен тиешелүү отчет бергендигин көрсөтүп турат.
Мамлекеттик комиссиянын отчету Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын жана комитеттеринин жыйналыштарында каралып, алар өздөрүнүн тиешелүү чечимдерин киргизген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулар, токойлор Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп саналып, Кыргызстандын элинин жашоосу менен ишинин негизи катары бирдиктүү экологиялык тутумду сактоо максаттарында пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.
Жогоруда баяндалгандарга негизденип жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, тоо-кен казып алуу өнөр жайындагы туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга жана Кыргызстандын эли менен кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктарын сактоого карата умтулууга өз берилгендигин көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
"Кумтөр" долбоорунун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылсын;
өз ара алгылыктуу варианттарды издөө, Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын отчетунда көрсөтүлгөн сунуштамаларды чечүү максаттарында "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү үч айлык мөөнөттө жүргүзсүн;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын бардык келип түшкөн сунуштарын жалпыласын жана аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын келип түшкөн сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планынын ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ай сайын маалымдап турсун;
өз ара алгылыктуу варианттарга жетишүү мүмкүн болбогон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Кыргызалтын" ААКсынын, канадалык "Центерра Голд Инк." компаниясынын, "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы жана канадалык "Камеко" корпорациясынын ортосунда 2009-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашууну денонсациялоо жол-жобосуна демилге көтөрсүн жана "Кумтөр" долбоору боюнча түзүлгөн башка макулдашууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бузсун, анын ичинде "Кыргызалтын" ААКсынын, канадалык "Камеко Корперейшн" корпорациясынын, канадалык "Камеко Голд Инк." корпорациясынын жана канадалык "Центерра Голд Инк." корпорациясынын ортосунда 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн "Кумтөр" долбоорун кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө макулдашуудан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Центерра Голд Инк." компаниясы жана "Кумтөр Голд Компани" ЖАКынын ортосунда 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн Инвестициялык макулдашуудан чыксын;
"Кумтөр" долбоору боюнча геологиялык чалгындоо, казып алуу жумуштары жана объекттерди куруу үчүн жер аянттарын бөлүп берүү каралган, 1992-жылдан тартып 2012-жылга чейинки мезгилде чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин тизмектеп текшерүү жүргүзсүн;
"Центерра Голд Инк." компаниясындагы Кыргыз Республикасынын үлүшүн башкаруу боюнча мамлекеттик башкаруу компаниясын түзүү боюнча маселени иштеп чыксын;
"Кумтөр Голд Компани" ЖАКы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде техникалык долбоорду иштеп чыгуу жана объекттердин рекультивациялык иштерин жүргүзүү боюнча талаптарын да кыйшаюусуз сактоо боюнча биротоло чараларды көрсүн жана "Кумтөр" долбоорунун объекттерин рекультивациялоо үчүн каржы каражаттарынын көлөмүн аныктасын;
"Кумтөр" долбоору боюнча жаңы макулдашууларды түзүүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуулардын шарттары жөнүндө маалымдасын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен биргелешип:
"Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын экономикасына жана курчап турган чөйрөсүнө зыян келтирген макулдашууларга, келишимдерге жана башка документтерге кол койгон кызмат адамдарынын жана башка адамдардын аракеттерине укуктук баа берсин;
күмүштүн, теллурдун жана кендеги коштоп жүрүүчү башка компоненттердин корлорун эске алуу менен "Кумтөр" кен чыккан жери боюнча корлорду атайылап төмөндөтүп эсептөө фактыларын текшерсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Мамлекеттик комиссиянын сунуштамаларынын жана ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2013-жылдын 1-июнуна карата берсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.Ж.Рыспаев), Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (С.К.Нышанов) жана Эл аралык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (К.К.Иманалиев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |