КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-февралы №2832-V
2012-жылдын 5-сентябрындагы №2266-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесинин 6-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиев тарабынан сунуш кылынган төмөнкүлөрдүн талапкерликтери жактырылсын:
Шамил Есенжанович Атахановдун - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына;
Абдулда Шергазиевич Суранчиевдин - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматына;
Алисбек Төлбашиевич Алымкуловдун - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин кызматына.
2. 2012-жылдын 5-сентябрындагы №2266-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
- төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Шамил Есенжанович Атахановдун - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына;";
- сегизинчи абзацтагы "Зарылбек Кылычбекович Рысалиевдин" деген сөздөр "Абдулда Шергазиевич Суранчиевдин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жыйырманчы абзацтагы "жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу" деген сөздөр "эмгек, миграция жана жаштар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
|
|
|
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|