КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 7-марты №2849-V
"Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.М.Узакбаев, А.К.Кочкорбаев, М.М.Салымбеков, К.С.Бокоев, Э.Б.Иманкожоева, Э.Исаков жана А.Г.Бекматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Э.Ж.Алымбеков) кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков |