КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-марты №2879-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Т.Кочкоров жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (2012-жылдын 30-апрелиндеги №265 токтому) тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө", "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков |