Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-апрели №2934-V
Н.И.Исановдун туулган күнүнүн 70-жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө
Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, эгемендүү Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанович Исановдун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө сиңирген эмгегин эске алуу менен, ошондой эле 2013-жылы белгиленүүчү туулган күнүнүн 70-жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2013-жылдын 1-майына чейин көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Н.И.Исановдун туулган күнүнүн 70-жылдыгын мамлекеттик деңгээлде өткөрүүнүн иш-чараларынын планын иштеп чыксын жана өткөрүү күнүн белгилесин;
- иш-чараларды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Т.Зулпукаров |