Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 3-апрели №2935-V
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар
боюнча мамлекеттик агенттиктин иши жөнүндө
Тоо-кен өндүрүү тармагы Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн негиздеринин бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамагенттик) жер казынасын пайдалануу жана тоо-кен өндүрүү өндүрүшүн өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат. Директор Мамагенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана белгиленген чөйрөдө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчиликти алып жүрөт.
Бирок Мамагенттиктин директору И.К.Чунуевдин ишмердиги олуттуу жеме угууну жаратып жатат жана анын аракеттери тоо-кен өндүрүү тармагындагы кризистин улантылышына алып келиши мүмкүн. Азыркы учурда ведомствонун директору тарабынан агенттиктин кызматкерлерине катуу психологиялык басым жасалып, жамаатта жакшы эмес кырдаал түзүлгөн.
Директор И.К.Чунуевдин компетенттүү эмес иш аракеттери жөнүндө Мамагенггиктин жамаатынын кайрылуусу мунун мисалы болуп саналат.
Мамагенттиктин жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселеси боюнча комиссиясы тарабынан туура эмес чечимдер кабыл алынып жатат, Мамагенттик тарабынан лицензияларды жана лицензиялык макулдашууларды берүүдө жана узартууда бузуулардын фактысы бар. Маселен, бирдей шарттарда лицензияларды узартууда жана берүүдө ар түрдүү чечимдер кабыл алынууда, бул иштеринде коррупциянын бар экендиги жөнүндө айтып турат.
Алиге чейин "Кутисай Майнинг" ЖЧКге лицензияны мыйзамсыз берүү жөнүндө жана аларды жокко чыгаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунуштамасы жана Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин сунушу аткарылган жок, мунун өзү компаниянын мыйзамсыз иштешине көмөктөшүп жатат.
Тармактын азыркы жетекчилигинин ишинде туруктуу стратегиясынын жоктугу, начар чечимдердин кабыл алынышы жана деструктивдүү саясатты жүргүзүү анын өнүгүшүн кечеңдетип, инвестициянын кетишине алып келип, жер казынасын пайдалануучуларга жергиликтүү тургундардын ишенбөөчүлүгүн жаратып, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн аларга мүмкүнчүлүк бербөө аракеттерин пайда кылган.
Жогоруда баяндалгандарга негизденип жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну, тоо-кен өндүрүү тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы:
-Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу маселеси боюнча комиссиянын жана пайдалуу кен байлыктарынын запастары боюнча мамлекеттик комиссиянын иштерин текшерсин;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган бардык фактыларды текшерсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине (К.Ж. Рыспаев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Жээнбеков |