Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-апрели № 2974-V
А.Батукаевди эркиндигинен ажыратылган жерден бошотуу жана анын республиканын чегинен тышкары чыгып кетүү фактысы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы жөнүндө
"А.Батукаевди эркиндигинен ажыратылган жерден бошотуу жана анын республиканын чегинен тышкары чыгып кетүү фактысы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы жөнүндө" маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"А.Батукаевди эркиндигинен ажыратылган жерден бошотуу жана анын республиканын чегинен тышкары чыгып кетүү фактысы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы жөнүндө" маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору А.Ж.Салянованын маалыматы эске алынсын.
А.Батукаевди эркиндигинен ажыратылган жерден бошотуу жана анын республиканын чегинен тышкары чыгып кетүү шарттарын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөндөгү-депутаттарынын курамында убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары -Комиссия) түзүлсүн:
Д.А.Ниязалиева
А.Сакебаев - КСДП депутаттык фракциясынан;
Т. Бакир уулу
Н.А.Мадалиев - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан;
Б.Шер
Ж.Р.Сапарбаев - "Ата-Мекен" депутаттык фракциясынан;
К.К.Исаев
А.Б.Баатырбеков
Р.Б.Жээнбеков - депутаттык топтордон.
3. Комиссияга ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-Президенти К.Бакиевдин соттолгон бир тууганы - Акмат Бакиевдин качып кетүү шарттары жөнүндө маселени да иликтөө тапшырылсын.
4. Комиссия өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө корутундуну үч жумалык мөөнөттө Жогорку Кеңештин кароосуна киргизсин.
Төраганын орун басары | А.Сасыкбаева |