Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-апрели №2976-V
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге парламенттик суроо-талап жиберүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж.Сатыбалдиевге төмөнкү маселелер боюнча парламенттик суроо-талап жиберилсин:
- Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүүнү тездетүү жөнүндө;
- санариптик телерадиоберүүгө өтүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген каражаттардын, ошондой эле гранттык каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки жумалык мөөнөттө жогоруда көрсөтүлгөн маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков |