КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-апрели N 2977-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген " Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3843-V токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 31-январында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген " Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
- К.С.Самаков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы;
- М.И.Бакиров - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетинин мүчөсү;
- Д.А.Ниязалиева - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
- М.Абдылдаев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Н.М.Ахметова - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Финансы-экономикалык талдоо жана өнүктүрүү мониторингин жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
- С.Т.Муканбетов - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары.
(КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 3843-V токтомунун редакциясына ылайык)
2. Макулдашуу тобу жогоруда аталган Мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөр таблицасын 30 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
|
|
|
|
|
|
Төрага | А. Жээнбеков
|
|
|