Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №3006-V
"2012-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана кредитор катары Кытайдын Экспорт-импорттук банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында автожолдордун эки участогун реабилитациялоо долбоору боюнча Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 18-марты, №137 токтом) "2012-жылдын 4-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана кредитор катары Кытайдын Экспорт-импорттук банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында автожолдордун эки участогун реабилитациялоо долбоору боюнча Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине жана ошол эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата негиздемеси менен өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитети (К.К.Иманалиев) келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков |