КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №3009-V
"Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Э.Төрөбаев, К.С.Самаков, А.А.Арапбаев, У.Т.Кочкоров, А.Т.Сулайманов, З.И.Бекбоев, А.Маматов, М.И.Бакиров, А.Н.Измалкова, М.Б.Тиленчиева, М.Г.Мадеминов, М.А.Султанов, Х.З.Коркмазов, Н.А.Айдаров, И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А.Жээнбеков |