Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-апрели №3025-V
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
К.С.Бокоев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
Э.Б.Исаков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун кошумча демилгечиси;
А.К.Кочкорбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун кошумча демилгечиси;
О.А.Молдалиев - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
К.А.Абышев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары;
Н.К.Касиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
2. Макулдашуу тобу жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна 30 календардык күндөн кечиктирбестен киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине (С.К.Нышанов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Жээнбеков |