Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-апрели №3036-V
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кредитор катары Кытайдын Экспорт-импорттук банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2012-жылдын 4-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасында автожолдордун эки участогун реабилитациялоо долбоору боюнча Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 18-мартындагы №137 токтом) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан карыз алуучу катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кредитор катары Кытайдын Экспорт-импорттук банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2012-жылдын 4-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасында автожолдордун эки участогун реабилитациялоо долбоору боюнча Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- оңдоо-курулуш иштерине жана курулуш материалдарын камсыз кылууга тендерлерди Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде өткөрсүн;
- автожолдордун курууга жана оңдоого жумушчулардын жалпы санынын 50% кем эмес Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусун камсыздандырсын;
- бул долбоор боюнча оңдоо-куруу иштерин жүргүзгөн курулуш компаниясына карьерден шагыл таштарды жана башка материалдарды казууга лицензияларды алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле курулуш иштеринде бардык экологиялык талаптарды сактоону камсыз кылууну милдеттендирсин.
Төрага | А.Жээнбеков |