Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-майы № 3065-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларын шайлоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык Палатасынын судьяларынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкерлерди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызмат ордуна төмөндөгүлөр 7 жылдык мөөнөткө шайлансын:
Айдарбекова Чынара Аскарбековна;
Макешев Жумадил;
Нарынбеков Айсалкын Өмүралиевна;
Осмонов Чолпон Омоковна.
2. Ушул токтом кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо/Каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
Төрагасы | А. Жээнбеков
|