Редакцияот 419973
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 15-майы № 3066-V

2011-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө

 

2011-жылдагы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы М.Д.Абулгазиевдин маалыматын угуп жана бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 519 токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

толук көлөмдө камсыздандыруу взносторун жана мөөнөтү өткөн карыздарды жыйноону жакшыртууга жетишсин;

камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн арналган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

 

Төрага

А. Жээнбеков