Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-майы № 3067-V
Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты В.В.Жириновскийдин Кыргыз Республикасы жөнүндөгү кыргыз мамлекетинин улуттук ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип сүйлөгөн сөзү жөнүндө
Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты В.В.Жириновскийдин Кыргыз Республикасы жөнүндөгү кыргыз мамлекетинин улуттук ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Жолдошованын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине:
В.В.Жириновскийдин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн ылайыксыздыгы жөнүндө маселени кароо тапшырылсын;
Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты В.В.Жириновскийдин айткан сөздөрүнүн этикалык жагын белгиленген тартипте кароо жөнүндө Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына дипломатиялык канал боюнча тийиштүү нота жөнөтсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине (К.К.Иманалиев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбек
|