Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-майы №3070-V
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык юбилейи жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши "Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык юбилейи жөнүндө" маселени карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты, белгилүү коомдук жана саясий ишмер, кинорежиссер, маданиятка жана искусствого эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин туулган күнүнө 75 жыл толот.
Дооронбек Садырбаев 1939-жылы Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Апыртан айылында туулган. Кыргыз телерадио комитетинде диктор, редактор, режиссер жана "Кыргызтелефильм" студиясында кинорежиссер болуп иштеген.
Жогорку Кеңештин 3 жолку чакырылышынын депутаты болуп шайланган, "Ата-Журт" коомдук саясий кыймылынын тең төрагасы жана уюштуруучусу, Кыргызстандын Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү болгон.
Д.Садырбаев - жетимиштен ашуун хроникалдуу-документ жана он алты көркөм фильмдин, сегиз китептин жана жети жүздөн ашуун публистикалык макалалардын автору. Алардын ичинде "Ээрге бекем олтур", "Арман", "Түркүн тагдырлар", "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" көркөм фильмдери телевизондук кинонун эл аралык жана бүткүл союздук фестивалдарында бир нече ирет сыйлыктарга татыктуу болгон.
"Кайран эл" телесериалын, "Орус тил мугалими", "Аталардын жери", "Чүй өрөөнү" документалдуу фильмдерин тарткан.
Республиканын киноискусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн ал "Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер", "Кыргыз Эл артисти" деген наамдарга татыктуу болгон, "Манас" ордени менен сыйланган. 2010-жылы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган.
Д.Садырбаевдин парламентаризмдин калыптанышына, Кыргыз Республикасынын маданияты менен искусствосунун өнүгүшүнө кошкон зор салымын, мамлекеттин жана Кыргызстандын элинин алдында сиңирген көрүнүктүү эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзсүн жана иш-чаралардын планын иштеп чыксын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков
|