Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-майы № 3083-V
"Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Дыйканбаев, Ч.А.Турсунбеков, Н.А.Нарматова, Т.З.Зулпукаров, У.Т.Кочкоров, Т.М.Узакбаев, Ө.Абдрахманов жана Р.Б.Жээнбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык боюнча комитети (К.С.Самаков) жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоору кабыл алынган жазуу жүзүндөгү түзөтүүлөрдү эске алуу менен үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Жээнбеков
|