КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-майы № 3090-V
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана киреше салыгын салуудан качууга жол бербөө жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 10-январындагы № 7 токтому) "Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана киреше салыгын салуудан качууга жол бербөө жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков
|