КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-майы № 3091-V
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган кош салык салуудан качуу жана киреше салыгына карата салык салуудан четтөөнү токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 10-январындагы № 7 токтому) "Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган кош салык салуудан качуу жана киреше салыгына карата салык салуудан четтөөнү токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | А. Жээнбеков
|