Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-июну № 3190-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 7-мартындагы № 2868-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 7-мартындагы № 2868-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков
|