Редакцияот 20.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 20-июну № 3284-V

"Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, Кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну жана Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, "Манас" эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 8-апрелиндеги № 176/1 токтому) "Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, Кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну жана Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, "Манас" эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсаңиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага орун басары

 

Т.Зулпукаров