Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июну № 3283-V
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, Кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну жана Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, "Манас" эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруньбиринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 8-апрелиндеги № 176/1 токтому) "Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, Кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну 92733} жана Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, "Манас" эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага орун басары |
Т.Зулпукаров
|