КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 20-июну № 3281-V
"Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү - жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөө боюнча долбоор: № С24736/EBSF-2010-02-13 грантын берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 27-майындагы № 284 токтому) "Бишкек шаарында 2013-жылдын 8-февралында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош-Исфана автожолун калыбына келтирүү жол секторун реформалоо жана кайра түзүмдөө боюнча долбоор: № С24736/EBSF-2010-02-13 грантын берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
Төрага орун басары |
Т.Зулпукаров
|