Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-июну № 3199- V
Республиканын чектеринен сырткары чыгып жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын адеп-ахлактык баалуулуктарын сактоо жана демографиялык кризистин алдын алуу, сексуалдык зомбулукка жана адамдарды соодалоого кабылуу коркунучун чектөө, ден соолуктун репродуктивдүү көйгөйлөрүн алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасынын демографиялык жана миграциялык саясатынын стратегиясын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
2) Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борборунда чет өлкөлөргө иштегени кетип жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү түрдө даярдоону карасын;
3) квалификациясын ыйгаруу жөнүндө документтерди берүү менен эмгек рыногунда кыйла талап кылынган кесиптер боюнча жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларын (10-11-класстар) милдеттүү кесипкой даярдоо тууралуу маселени карасын;
4) Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары иштегени кетип жатышкан адамдарды барган жери боюнча Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринде милдеттүү консулдук эсепке алууну камсыз кылсын;
5) Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө иштөө үчүн жөнөтүп юридикалык жактардын юридикалык жоопкерчилигин карасын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |